Биз социалдык тармакта

Нарында ден соолукту чыңдоо борбору пайдаланууга берилди

Нарын шаарынын Асанов атындагы ден соолукту чыңдоочу дене тарбия спорт борбору толук капиталдык оңдоодон өтүп, заманбап шарттары менен пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу, облус башчысы Нурбек Саттаров, Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу, Нарын шаардык кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Борборду оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы 33 миллион сом жумшалды.
Мындан сырткары ден соолукту чыңдоо борборуна караштуу жерге спортко тийиштүү шарттарды түзүү, жакшыртуу долбоору да кошумча аткарылды. Аталган борбор эми жергиликтүү тургундар жана спорт сүйүүчүлөрү үчүн кызмат кылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан