Биз социалдык тармакта

Жалал-Абаддын Жылгын айылына заманбап мектеп курулат

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жылгын айылында заманбап мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, объекттин тендердик баасы 80 миллион сомду түзөт.
М.Барпиев атындагы жаңы мектеп 225 орунга ылайыкталып, үч кабаттуу окуу корпустан турат. Курулуш иштери заманбап талаптардын негизинде аткарылып, имаратта негизги окуу класстардан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, балдар жана кыздар үчүн эмгек класстар каралат. Азыркы тапта имараттын экинчи кабатын куруу иштери аткарылууда.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө пайдалануудагы мектеп 2012-жылы жеңил конструкциядан 12 жылга курулган. Учурда 368 окуучу билим алууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан