Белгилүү ырчы Аваз Акимов бир туугандары менен атасына унаа белек кылышты. Бул тууралуу жубайы, ырчы Айдана Дека социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, бардык бир туугандар чогулуп, айылга барып, ата-энесине белектерин тапшырышкан. Атасы менен апасы балдарынын чогулганына сүйүнүп, унааны байкашкан эмес. Андан соң ата-энесинин белекти көргөндөн кийинки эмоциясын видеодон көрүүгө болот.
"Шүгүрчүлүккө толгон күн! Жараткан ар бир адамга ата-энесинин тилегин аткарганга күч-кубат, мүмкүнчүлүк берсин. Ата-энебиздин жүзүндөгү кубаныч – биз үчүн эң чоң белек. Ушул бакыт узакка созулсун. Ата-эненин кубанычы – баланын ырысы", - деп бөлүштү ырчы айым.