Биз социалдык тармакта

Ошто Ак-Тилек кичи районундагы көчө пайдаланууга берилди

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин жана жашоочулардын катышуусунда Ак-Тилек кичи районунун №3 көчөсүнүн ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Толук кандуу оңдоп-түзөөдөн өткөн көчөнүн узундугу 1,6 чакырым, туурасы 16 метрди түзөт.
Унаа жолунан тышкары тротуар жасалып, ирригациялык лотоктор орнотулду. Жол оңдоо иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
Мэрдин тапшырмасы боюнча №3 көчөнү Мамыров көчөсүнө чыгаруу үчүн бир үй жана бир канча мыйзамсыз курулуштар буздурулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан