Бүгүн, 24-ноябрда Бишкек шаарына жаңы автобустардын экинчи партиясы алып келинди.
Калаа бийлиги кабарлагандай, бул Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында ишке ашып жатат. Аталган долбоордун негизинде жалпысынан 95 автобус алынган.
Буга чейин 20 даана автобус келген болсо, бүгүн кошумча 8 даана автобус келди. Жалпы 28 даана автобус Бишкек шаарына жеткирилди.
Калган автобустар жакынкы аралыкта алып келинет.