Милиция кызматкерлери Бишкекте Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жыйындарын өткөрүү мезгилинде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
ИИОнун өздүк курамы коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү максатында тартылат. Мындан тышкары транспорттук басымды азайтуу максатында мектептер менен жогорку окуу жайлар убактылуу онлайн окутууга өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоого Бишкек жана Чүй гарнизонунун 4000ден ашык кызматкери тартылат.
"Урматтуу жарандар, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар маалында коомдук коопсуздукту камсыздоого жана жол кыймылын жөнгө салууга катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын урматтап, түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөбүз", - деп берилет маалыматта.