Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун саммитине байланыштуу Бишкектеги эки базар иштебейт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
25-26-27-ноябрь күндөрү “Ош базары” жана “Сары-Өзөн” базарлары санитардык тазалоо үчүн убактылуу жабык болот.
"Борбор калаанын борбордук көчөлөрүндө жана расмий делегациялардын маршруттары боюнча унааларга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Маршруттарды алдын ала пландаштырууну суранабыз.
Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана убактылуу чараларга тургундарды түшүнүү менен мамиле кылууну суранат", - деп берилет маалыматта.