Бишкекте бардык мектептер 25-ноябрдан 1-декабрга чейин онлайн-окутууга которулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Окуу сабактары бекитилген окуу пландарына жана графиктерге ылайык онлайн форматта өткөрүлөт. Окуу программаларынан артта калуу болбойт. 2-декабрдан баштап сабактар кадимки форматта улантылат.
Ал эми борбор калаадагы жогорку окуу жайлар 25-ноябрдан 27-ноябрга чейин онлайн окууга өткөрүлөт.
Мындай чечим ЖККУ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына, ошондой эле алдыдагы шайлоого байланыштуу кабыл алынды.