
Кыргызстандык Эльзат Тулегенова орусиянын "Ну-ка, все вместе!" шоусуна катышты. Ал Валериянын "Была любовь" деген чыгармасын аткарды.
Калыстар тобу ырчы айымдын мурунку сынактардагы ырдаганын эске алышып, алкоого алышты. Эльзат Тулегенова ырдап жаткан учурда калыстар тобунун айрымдары ордунан туруп, кол чаап, колдоо көрсөтүштү.
Жыйынтыгында, тилекке каршы, ырчы айым жарым финалдан өтпөй калып, долбоордон кетти.