Нарын шаарына жаңы техникалар тапшырылды.
Маалыматка ылайык, 30 орундуу 11 автобус жана 12 атайын техника алынган. Тапшыруу аземине Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Техникалар үчүн президенттин турукташтыруу фондунан 230 миллион сом бөлүнгөн. Күйүүчү май менен жүрүүчү 30 орундуу заманбап үлгүдөгү автобустар жакынкы күндөрү каттамга чыгат.