Биз социалдык тармакта

Баткенде “Достук” стелласынын айланасы көрктөндүрүлөт

Кыргыз-Өзбек-Тажик мамлекеттеринин чек аралары кесилишкен жерде жайгашкан “Достук” стелласынын айланасын жашылдандыруу маселелерин караган жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган облустун башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев аймакка электр энергиясын жеткирүү, сугат суу чыгаруу, жол куруу, бак дарактардын көчөттөрүн отургузуу боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берген.
Ошондой эле ал жерди келечекте жарандар эс алуучу туристтик аймакка айландыруу боюнча пландардын үстүндө иштөөнү тапшырган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан