Кечээ, 19-январда кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик (контрабанда) жолу менен азык-түлүк жана кийим өткөрүп жаткан Кыргызстандын 4 жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда КРнын Чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Лейлек районунан кармалышкан. Биринин унаасында баасы 460 миң сомго барабар 300 куту жумуртка табылды. Андан соң Исфана шаарынын тургуну кийим, дары, косметика жана парфюмерия өткөрүп жаткан жерден кармалды. Үчүнчүсү 300 килограмм пахта май менен кармалган. Ал эми төртүнчүсү 50 кап ун жана 50 килограмм пахта май менен кармалды.
“Мамлекеттик чек ара кызматы укук коргоо органдары менен биргеликте жергиликтүү жарандарга аткезчилик жөнүндө түшүндүрүүчү иштерди жүргүзүүдө” деп чек ара кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, 17-январда кыргыз-тажик чек арасында эки аткезчи кармалган.