Биз социалдык тармакта

Lalafo тиркемеси аркылуу алдамчылык кылган 26 жаштагы жигит кармалды

Чүйдө Lalafo тиркемеси аркылуу алдамчылык жасоого шектелип 26 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Токмок шаарынын тургуну кайрылып, 9-ноябрда Lalafo тиркемесинен Volkswagen Passat унаасын сатуу боюнча жарыя көрүп, ээси менен байланышып, унааны сатып алууга макулдашканын айткан. Сатуучунун өтүнүчү боюнча ал О деньги электрондук капчыгына 27 миң сом, андан кийин дагы 40 миң сом которгон. Акчаны алган соң сатуучу дайынсыз болуп кеткен. Натыйжада, жабырлануучу жалпы 67 миң сом зыянга учураган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгон. Облустук милиция сот аны үй камагы алуу чечимин чыгарганын, учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан