Биз социалдык тармакта

Бишкектеги ЖККУнун саммити учурунда "Манас" аэропортуна алдын ала баруу сунушталды

Бишкекте өтүп жаткан ЖККУнун саммити кабыл алуучу делегациялардын каттамдарына байланыштуу "Манас" аэропортуна кире турган жолдор мезгил-мезгили менен жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чаралар иш-чаранын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо үчүн кабыл алынган. Ушундан улам жүргүнчүлөргө мүмкүн болуучу кечигүүлөргө кабылбоо жана бардык текшерүүлөрдөн өз учурунда өтүү үчүн аэропортко учууга чейин кеминде үч саат эрте келүү сунушталат.

"Манас" аэропорту кадимки тартипте иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан