Ош шаарындагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эки көчө бириктирилип, казак эл акыны Абай Кунанбаевдин ысымы ыйгарылды. Көчөнүн башына Абай Кунанбевдин эстелиги жана музейи курулуп, бүгүн ачылышы өткөнүн мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн башчысынын биринчи орун басары Ильяз Ташбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Казакстандын Оштогу башкы консулу Мухтар Карибай жана шаар тургундары катышты.
2858 чарчы метр аянтты ээлеген скверге отургучтар коюлуп, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.