Биз социалдык тармакта

Айыл чарба министрлиги форель менен алектенген ишкерлерди тиешелүү процедурадан өтүүгө чакырат

Айыл чарба министрлиги форель менен алектенген ишкерлерди тиешелүү процедурадан өтүүгө чакырат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, Кыргызстанда балык чарбачылыгынын, өзгөчө форелдин продукциясына болгон туруктуу кызыгуу сакталууда. Тармактагы адистердин маалыматына ылайык, форелдин ички базардагы баасы аймакка, жеткирүү шарттарына жана балыктын өлчөмүнө жараша килограммына 600-700 сом болууда.
Ички керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу өлкөдө форель өстүрүүчү чарбалардын саны көбөйүп, өндүрүш көлөмү жогорулап жатат. Ички базар оң динамиканы көрсөтүүдө, ошондой эле экспорттук потенциал да өсүүдө.
Тышкы рыноктордун, өзгөчө Орусиянын кызыгуусунун жогорулашын эске алуу менен, министрлик форель экспорттоону пландаган бардык субъекттерди алдын ала Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тийиштүү түзүмдөрүнө кайрылып, консультацияларды алып, зарыл болгон процедуралардан өтүүгө чакырат.
Министрлик менен өз убагында өз ара аракеттенүү - кабыл алуучу тараптын талаптарын сактоого, экспорттук документтерди туура толтурууга жана продукцияны тышкы рынокко үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоого жардам берет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан