Саяк уулу Каныбек Опера жана балет театрынын директорунун орун басары болуп дайындалды

19-ноябрдан тартып Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директорунун орун басары кызмат ордуна Саяк уулу Каныбек дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Саяк уулу Каныбек — искусство жана маданият тармагында 10 жылдан ашык кесиптик тажрыйбасы бар адис. Ал 1991-жылы 26-мартта Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкор айылында төрөлгөн.
Ал Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы студияда "Элдик ырларды аткаруу" адистиги боюнча жана Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде "Социалдык-маданий ишмердүүлүк" боюнча билим алган.
Эмгек жолу:
• 2014–2015 — Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, хор артисти (Бишкек)
• 2015–2017 — Мусулманкулов атындагы музыкалык мектеп, вокал мугалими (Кочкор)
• 2017–2018 — Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн алдындагы музыкалык-драмалык театр, актёр (Кочкор)
• 2018–2022 — Абдыкалыков атындагы маданият үйү, директор (Кочкор)
• 2022–2025 — Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры, хор артисти (Бишкек).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан