"Слово пацана: кровь на асфальте" сериалынын жылдызы Рузиль Минекаев Ысык-Көлдүн кооздугуна суктанды. Бул тууралуу видео социалдык тармакта тарады.
Ал Бишкекке тасмага тарылууга келгенин жана дем алыш күнү аны Ысык-Көлгө алып барышканын айтып, видео тарткан.
"Аябай кооз, биз атайын күн батышын тосуу үчүн келдик. Бул көл эч качан тоңбойт",- деди актёр.