Бишкектеги тигүү цехиндеги эмгектенген чет өлкөлүк жумушчуларга эмгек акылары берилди. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.
Маалымдалгандай, алардын социалдык тармактарга тараган видеокайрылуусу каттоого алынып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Кайрылууда алар айлык акы кечиктирилип жатканы, паспорттору алынганы жана иш берүүчүнүн туура эмес мамилеси тууралуу айтышкан.
Текшерүүнүн алкагында окуяга тиешеси бар бардык жарандар аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилишкен. Анда тараптар өз ара түшүнүшүүгө жетишкен.
Борбор калаа милициясы жаңжал толугу менен чечилгенин, алдын ала тергөөнүн жыйынтыгы менен тараптардын аракеттерине укуктук баа берилерин кошумчалады.