Аламүдүн районунда баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 35 жаштагы шектүүнүн үйүнөн 55,91 грамм салмактагы баңгизат табылып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери уланууда.