Бишкекте коомдук транспорттун айдоочусу рулда баратып тамеки тартканы үчүн жоопко тартылды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарга айдоочунун кылыгы тартылган видео тарары менен ал аныкталып, милицияга чакыртылган. Айдоочуга карата тиешелүү протокол түзүлгөн жана ага түшүндүрүү иштерин жүргүзүлгөн.