Бүгүн, 26-ноябрда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде мыйзамсыз мал өткөрүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Чеч-Дөбө жергесинде мамлекеттик чек ара сызыгынан болжол менен 1000 метр аралыкта мыйзамсыз мал айдап өтүп жаткан 5 адам кармалган. Алар 67 баш ири мүйүздүү малды аткезчилик менен өткөрүүгө аракет кылышкан.