18-январда Кант шаарында футбол боюнча Кыргызстандын кышкы биринчилигинин 1-тур оюндары орун алды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “А” тайпасында бишкектик “Дордой” футболдук клубу канттык “Наше пиво” командасына утулду (2:0 эсебинде). “В” тайпасында “Дордой-2” жана “Алга-2” командаларынын ортосундагы беттеш 2:2 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады. Кезектеги беттештер 22-январда орун алат.