Токиодо өткөн XXV Сурдлимпиада оюндары. Кыргызстандыктардын ийгиликтери 

Бүгүн, 26-ноябрда Япониянын Токио шаарында XXV Сурдлимпиада оюндарынын жабылыш аземи болуп өттү. Кыргызстандык спортчулар 6 медаль жеңишти.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, өлкө курамасынын атынан эркин, грек-рим күрөштөрү, таэквондо, дзюдо жана стол тенниси боюнча 18 спортчу катышкан. Жалпысынан быйылкы оюндарга 81 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышып, спорттун 19 түрү боюнча медалдар ойнотулган.
Өлкө куржунуна медаль алып келгендер: Смадияр Жумакадыров (грек-рим күрөшү, 60 килограмм салмак ченинде) жана Адилет Жапаркулов (эркин күрөш, 74 килограмм салсакта) алтын байге, Динмухамед Бигелдиев (грек-рим күрөшү, 67 килограмм), Нарту Абдрахманов (грек-рим күрөшү, 97 килограмм) Байсалбек Орозали уулу (дзюдо, 60 килограмм) жана Азамат Мавлонов (таэквондо, 80 килограмм) коло медаль.
Сурдлимпиада оюндары - угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн эң ири эл аралык спорттук мелдеш. Ал төрт жылда бир өткөрүлүп, эл аралык олимпиада комитети тарабынан таанылган. Сурдлимпиада кыймылы 1924-жылы Парижде башталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан