Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылындагы Кайкин атындагы орто мектеп 47 жылдан бери биринчи жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
"Бүгүнкү күндө мектептин ичиндеги иштер бүткөрүлүп, жууп-тазалоо этабына жетти. Ал эми сырткы футбол талаасы толук жаңыланып, учурда мектептин аймагы көрктөндүрүлүүдө. Мындан тышкары мектепке сырткы баскетбол жана волейбол талаасы салынды", -деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Капиталдык оңдоо иштерин 2025-жылдын аягына чейин толук аяктоо пландалууда.
Белгилей кетсек, мектеп 1978-жылы пайдаланууга берилип, андан бери косметикалык оңдоп-түзөө гана жүргүзүлүп келген. 2025-жылдын июнь айында республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоо иштери башталган.