Биз социалдык тармакта

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке келди

Бүгүн, 26-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди. ЖККУнун Коллективдүү коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Бишкек шаарына келди.

Казакстандын президентин аэропорттон министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Эске салсак, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйыны өлкө башчы Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Жыйынга уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары, тагыраагы, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын башчысы Владимир Путин жана Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан