Айзиректин өлүмү: Күйөөсүнө чыккан өкүм өзгөртүлгөн жок

Ош облустук соту Айзирек Эралиеванын өлүмүнө айыпталып жаткан жолдошуна карата чыккан Өзгөн райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Маалыматты бүгүн, 26-ноябрда облустук соттун басма сөз кызматынан тастыктады.

Айта кетсек, Оштун Өзгөн райондук соту 31-июлда шектүүнү Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Адам өлтүрүү), 267-беренесинин 1-бөлүмү, 267-беренесинин 2-бөлүмү (Мыйзамсыз ок атуучу курал-жаракты, ок-дарыларды сактоо жана алып жүрүү) менен күнөөлүү деп тапкан. Натыйжада, ага эсептик көрсөткүчтүн негизинде мыйзамсыз курал-жарактарды колдонгону үчүн 100 миң сом айып салынып, 18 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Белгилей кетсек, 26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда каргашалуу окуя катталып, 38 жаштагы аял жолдошунун колунан ажал тапканы маалым болгон. Шектүүгө "Адам өлтүрүү", "Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан