Биз социалдык тармакта

Ошто күйүп кеткен батирлер толугу менен калыбына келтирилди (фото)

Ош шаарындагы “Эмаком” курулуш компаниясынын өрт кырсыгынан улам күйүп кеткен батирлери президенттин тапшырмасына ылайык толугу менен калыбына келтирилди. Ага ылайык, бүгүн, 26-ноябрда батирлерди ээлерине тапшыруу мааракеси болуп өттү.
Ош шаарынын мэриясынан билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ныязбек Нурбаев жана жашоочулар катышышты.
Мэр жашоочуларды жаңы конушу менен куттуктап, курулуш иштери өлкө башчынын тапшырмасынын негизинде тыкыр көзөмөлдө болгонун белгиледи. Ошондой эле Садыр Жапаровдун атынан 2 лифт, өрт алган 6 батирдин ар бирине бирден муздаткыч жана кир жуучу машиналарды тапшырды. Ош шаарынын мэриясы тарабынан да 2 лифт орнотулуп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан