Бүгүн, 26-ноябрда Токомбаев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде транспорт агымын жөнгө салып турган ЖКККББнын кызматкерин унаа сүзүп кетти. Окуянын видеосу социалдык тармактарда жарыяланды.
Видеодо байкалгандай, жол тескөөчүнү кызгылт сары түстөгү Hyundai Sonata унаасы сүзүп кеткен. Ал эми кызматкер оор жаракат алган эмес.
Айдоочуга карата кандай чаралар көрүлөрү азырынча белгисиз.