Токмок шаарына жанаша жайгашкан мамлекеттик “Заказник” жаратылыш аймагында чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, өрт 27-ноябрга караган түнү саат 00:41де толук өчүрүлгөн. Анын кесепетинен жабыркагандар жок.
Жеринде кайрадан өрт чыгып кетүүсүнө жол бербөө максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Чүй райондук өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнөн 6 куткаруучу, 1 көчмө насостук станция жана АР-2 техникасы менен нөөмөткө калып, көзөмөл жүргүзүүдө.
Белгилей өтсөк, кечээ, 26-ноябрда Токмок шаарында ачык аянтта куураган чөп жана бадалдардан өрт чыкканы
маалымдалган.