Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алдамчылыкка шектелип 6 адам кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 47 жана 43 жаштагы кишилер УКМК төрагасынын орун басарынын атын жамынып, К.Д. аттуу адамга карата козголгон кылмыш ишин токтотууну убада кылышып, андан 46 миң доллар алышкан.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, жогорудагы 2 адамдан тышкары дагы 4 жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.