Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери, коргоо министрлери жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен жыйыны башталды.
Жыйында аймактык коопсуздукка байланышкан өзөктүү темалар каралып, баңгизат транзитине жана мыйзамсыз миграцияга каршы биргелешкен чараларды күчөтүү маселеси күн тартибине коюлду.
Саммитти 250дөн ашуун журналист чагылдырат. Алардын арасында Орусия, Казакстан, Тажикстан, Беларусь, Түркия жана Кытайдан келген чет элдик кабарчылар да бар.