Орусия президенти Владимир Путин 2026-жылы өлкөнүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы төрагалыгы атайын ураан алдында өтөрүн жарыялады.
Анын айтымында, төрагалык мезгилинин негизги багыты "Көп уюлдуу дүйнөдөгү жамааттык коопсуздук: бирдиктүү максат - жалпы жоопкерчилик" деп белгиленди.
Путин бул ураан уюмга мүчө мамлекеттердин орток кызыкчылыктарын чагылдырганын айтып, аймактагы туруктуулукту сактоо үчүн биргелешкен аракеттерди күчөтүү маанилүү экенин баса белгиледи. Ал коопсуздук боюнча коркунучтар өзгөрүп жаткан глобалдык шартта өлкөлөрдүн координациясы өзгөчө зарыл экенин айтты.
Орусиянын лидери ЖККУнун кезектеги саммити 2026-жылы 11-ноябрда болорун кошумчалады.