Президент Садыр Жапаров кызматтан кетип жаткан ЖККУнун баш катчысы Имангали Тасмагамбетовго уюмдун I даражадагы ардак белгисин тапшырды.
Тасмагамбетовдун узак жылдардагы эмгеги жана ЖККУнун өнүгүшүнө кошкон салымы жогорку баага татыды.
Ал эми 1-январдан тарта ЖККУнун баш катчысы кызматына Таалатбек Масадыков келери кабарланды.
Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйыны бүгүн, 27-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Бишкек шаарында өтүүдө. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары, тагыраагы, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын башчысы Владимир Путин жана Тажикстан мамлекет башчысы Эмомали Рахмон катышып жатат.