Биз социалдык тармакта

Санкт-Петербургда 13 жаштагы кыз апасын өлтүрүүгө шектелүүдө 

Санкт-Петербургда 13 жаштагы кыз апасын өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ага ылайык, аялдын моюнунан жаракат алган сөөгү батирден табылган. Тергөөчү кылмыш болгон жерди карап чыгып, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

"Окуянын бардык жагдайларын, ошондой эле кылмыштын жасалышына өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо үчүн бир катар тергөө иштери жүргүзүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери ТАСС агенттигине маркумдун 13 жаштагы кызы кылмышты моюнуна алганын билдиришкен. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан