Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндөгү курулуш объектинде техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Объект “Асыл Холдинг” ЖЧКсы тарабынан курулуп жатат. Натыйжада, аталган компанияга карата "Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин негизинде акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Курулуш министрлиги бардык компанияларды курулуш ченемдеринин талаптарын жана техникалык коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат. Эгер курулуш талаптарын бузуулар аныкталса, мыйзамда каралган тиешелүү чаралар көрүлөт.