Биз социалдык тармакта

Бишкекте ЖККУнун саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду  

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкекте өткөн ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстандын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

  • Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы;
  • “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук стратегиясы жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
  • “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2026-2030-жылдарга карата Баңгизаттарга каршы стратегиясы жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
  • “Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү жаатында кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө” ЖККУ ЖККнын билдирүүcү;
  • “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысы жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
  • “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын Төрагасы жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
  • “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жана ага мүчө-мамлекеттердин маалыматтык мейкиндиктеги оң имиджин калыптандыруу чаралары жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
  • “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2026-2030-жылдарга карата аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планы жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
  • “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2015-жылдын 15-сентябрындагы “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскерлерин (Жамааттык күчтөрүн) башкарууну уюштуруу жөнүндө” чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” ЖККУ ЖККнын чечими;
  • “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
  • “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
  • “Эл аралык коопсуздукту камсыз кылуудагы эмгеги үчүн” медалы жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
  • “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгынын Маалыматтык-аналитикалык башкармалыгы жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
  • “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2024-жылга карата Бюджетинин аткарылышы боюнча Отчёт тууралуу” ЖККУ ЖККнын чечими;
  • “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2026-жылга карата Бюджети тууралуу” ЖККУ ЖККнын чечими.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан