Биз социалдык тармакта

Песков Орусияда жүргөн мигранттардын маселеси каралып жатканын билдирди (видео)

Орусияда жүргөн кыргызстандык мигранттардын маселесин эки тараптуу карап чыгуу пландалууда. Бул тууралуу Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков 27-ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Орусияда ЕАЭБдин алкагында кыргызстандык мигранттардын жашоосун мыйзамдаштыруу үчүн бардык мүмкүн болгон иштер жасалууда.

“Башкысы - мигранттар үчүн талаптарды мыйзамдын чегинде аткарууга ыңгайлуу шарт түзүү керек. Толуктап, иштеп чыга турган нерселер көп. Азыркыга чейин талаптагыдай каттоодон өтпөгөндөр бар, кеп он миңдеген адам тууралуу болууда. Азыр чогуу иштеп жатабыз. Ооба, көйгөй бар, бирок аны көбүртүп-жабыртуунун кажети жок. Азыр эки тарап чогуу иштеши керек",- деди Песков.

Песков Орусияда жүргөн мигранттардын масели каралып жатканын билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан