Бүгүн, 27-ноябрда Ош облусунун Араван районунда жети жашар бала өрттөн улам каза болгонун ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аравандын Чечек айылында сарайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 14:14тө Араван райондук №64 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.
Өрт саат 15:16да чектөөгө алынып, саат 15:46да толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен 2018-жылы туулган Р.С. аттуу бала каза болгон.