ИИМдин милициянын генерал-майору Алиев атындагы академиясынын курсант кыздары катышкан видео боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, кыздар криминалдык субмаданияттын музыкалык композицияларын коштоп, видео тартышкан. Видеону алардын бири TikTok тиркемесиндеги өзүнүн баракчасына жарыялаган.
Иликтөөнүн жыйынтыгында, окуяга катышкан 4-курстун курсанттарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, С.М. жана К.Э.ге тартиптик жазалары берилди.
Мындан тышкары академиянын жетекчилигине ушул сыяктуу көрүнүштөрдү алдын алуу максатында курсанттар менен түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү боюнча катуу талаптар коюлду.