Бишкектин көчөлөрүнүн биринде жеңил унаа күйүп кетип, өрттү өчүрүүгө “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери жардам беришкен. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Өрт унаа жүрүп баратканда чыккан. Ошол маалда "Тазалык" ишканасынын көчөлөрдөгү дарактарды сугарып, жууп жүргөн унаасы өрттү өчүрүүгө жардам берген. Бактыга жараша унаадан чыккан өрттү өчүрүүгө жетишкен.
Кырсыктан жабыр тарткандар катталган эмес. Ал эми унаадагы өрттүн чыгуу себептери белгисиз.