Биз социалдык тармакта

Дагы бир шаардын мэриясы Жаңы жылдык кечелерди өткөрбөй турган болду

Манас шаарынын мэриясы жана мэриянын карамагындагы бардык мекеме-ишканалар 2025-жылга карата Жаңы жылдык корпоративдик кечелерди өткөрбөйт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Бул чечим ысырапкорчулуктун алдын алуу жана бул багытта жарандарга үлгү көрсөтүү максатында кабыл алынды.
Манас шаарынын мэриясы мекеме-ишканаларга Жаңы жыл майрамын жылдын жыйынтыгы катары расмий иш-чараларды өткөрүү менен гана чектелип, кошумча чыгымдарсыз тосуп алууну эскертет. Ошондой эле, Жаңы жылдык кечелердин ордуна шаардагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, социалдык мекемелерге көмөк көрсөтүүнү сунуштайт.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек мэриясы борбордук аппаратта жана карамагындагы түзүмдөрдө корпоративдик Жаңы жылдык иш-чараларга чектөө койгону маалымдалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан