УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемин районунан Бишкектин Көк-Жар конушуна чейин айланма жол салынарын билдирди.
Атайын кызматтын башчысы ал жолду курууга 65 миллион доллар сарпталарын айтып, жол акылуу болорун тактады.
"Канттан өткөндө тыгын болуп, Бишкек шаарына кире албай кыйналып жатасыңар. Ошол көйгөйдү чечиш үчүн айланма жол куруп жатабыз. Азыр жумуш башталды. Болгону 200-300 сом төлөйсүңөр. Бирок тыгында 2-3 саат турганың түккө турбайт",- деди ал кечээ, 27-ноябрда Кемин шаарында.