Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Биримдик-24 автоунааларды каттоо борборун айттырбай барып текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Жунушалиев жумуш ордунда эмнеге аз киши иштеп жаткандыгын сурап, кызматкерлердин жумуш убактысында толук болуусун талап кылды.
"Кызматкерлерди толук чыгар. Мындай кезек болбосун!"- деп нааразы болду ал.
Ошондой эле, сырттагы унааларды иретке келтирип, жол белгилерин коюуну тапшырды.
Видеонун соңунда текшерүүдөн кийин кызматкерлер толугу менен жумушка чыгышканы көрсөтүлөт.