Биз социалдык тармакта

Келин жаракат алган... Ошто жол кырсыгынан 48 жаштагы жаран небереси менен бирге каза тапты

Ош шаардык милициясы калаада 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 27-ноябрда саат 12:40 чамасында болгон. Анда Касымалиев көчөсүндө БМВ үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жаткан 16 жаштагы өсүпүрүм карама-каршы багытка чыгып, 48 жаштагы жаранды жана анын 20 жаштагы келини менен 1 жашар небересин сүзүп кеткен. Аталган унаа андан ары жолдун четинде токтоп турган Камаз унаасын сүзүп токтогон.
Натыйжада, 48 жаштагы жаран окуя болгон жерде каза тапса, анын небереси Ош шаардык ооруканасында чарчап калган. Ал эми 20 жаштагы келин менен Камаздын 54 жаштагы айдоочусу дене жаракаттарын алышкан.
Текшерүү ишинин жүрүшүндө каза болгондорго соттук-медициналык экспертиза жана унаа кырсыгы боюнча соттук-автотехникалык экспертиза дайындалган.
Ал эми 16 жаштагы өсүпүрүмдүн айдоочулук күбөлүгү жок экени, унааны агасынын үйүнөн айдап чыкканы аныкталган. Ал убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан