Бишкек шаарында ишемби, жекшемби күндөрү айыл чарба жарманкеси болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын июнь айына чейин ар дем алыш күндөрү жарманкелер уюштурулуп турат. Жарманке азык-түлүк товарларынын социалдык маанилүү түрлөрүнө баанын өсүү темпин токтотуу жана калктын социалдык аярлуу катмары үчүн тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында ишке ашырылууда.
Иш-чара Турдакун Усубалиев атындагы аянтта жана Исхак Раззаков, Абдымомунов, Эркиндик бульвары көчөлөрүнүн кесилиштеринде уюштурулат.
Кошумча маалымат жана суроолор боюнча төмөнкү байланыш телефондоруна кайрылсаңыз болот: (0312) 66-14-22, 0702 70 20 00