УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуулукка жана жемкорлукка каршы күрөштөн мамлекетке 5 жыл ичинде 300 миллиард сом кайтарылганын билдирди.
"Мамлекеттин бюджети азыр 700 миллиард сом болсо, бул бюджетибиздин жарымы кайтарылды дегендик. Ошондуктан бардык жерлерде ушул акчаларга жолдор, мектептер, ооруканалар курулуп жатат",- деди ал кечээ, 27-ноябрда Кемин шаарында.