Биз социалдык тармакта

Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоо менен ооругандар азайып жатканын билдирди 

Курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоо менен ооруканага кайрылгандардын саны азаюуда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Министрлик мезгилдик оорулар көбөйгөн шартта эпидемиологиялык кырдаалды күн сайын мониторингдеп жатканын белгиледи. Акыркы ыкчам маалыматтарга ылайык, айрым медициналык уюмдарда өткөн күндөргө салыштырмалуу кайрылуулар жана ооруканага жаткыруулар азайган.
"Жуманын башындагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу кайрылуулар жана ооруканага жаткыруулар азайды. Ошону менен бирге орундардын жетишсиздиги жогору бойдон калууда: ооруканаларда 500 орун болсо, иш жүзүндө 565-573 бейтап жатат",- деп билдирди министрлик.
Ошондой эле оор учурлардын саны азайганы, КРВИ жана пневмониясы бар бейтаптардын агымы күчөтүлгөн режимде кабыл алынып жатканы кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан