Мас абалда унаа башкарган мурдагы укук коргоо органынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган айдоочу наркологиялык экспертизадан өтүүдөн жана документтерин көрсөтүүдөн баш тарткан. Ошондой эле унаасын токтоткон Кайгуул кызматкерлерин "эртең баарыңарды жумуштан алдырам" деп сөгүп, качууга аракет кылган.
Милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылуу үчүн физикалык күч колдонууга жана талаптарды аткарууга мажбурлоого аргасыз болушкан.
Ал эми мас айдоочуга карата мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.