Кыргызстандык кикбоксчулар Дүйнө чемпиондугунда 4 медаль жеңишти

21-30-ноябрь күндөрү Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандыктар 3 алтын, 1 коло медаль жеңишти.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, 60 килограмм салмак категориясында Ахрор Розбаев жана
51 килограмм салмак ченинде Ходжиакбар Камбаров алтын байге утушуп, дүйнө чемпиону болушкан. Мындан тышкары, ардагерлер арасында Тахир Марасулов да дүйнө чемпиону наамына ээ болгон. Чоңдор арасында Нурбек Валижонов коло медаль тагынган.
Аталган ири спорттук турнирге 150 өлкөдөн 2 000 спортчу катышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан